Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-1
«Сузак районунун ардактуу атуулу
наамына сунуштоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана 2024-жылдын 28-ноябрында бекитилген Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентин негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы отурумунун №7 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сузак районунун социалдык, билим берүү тармагына зор салым кошкон жана үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
-Чанакова Чачтибек - Кызыл-Сеңгир айылынын тургуну, №31 Ы. Чанаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин музыка мугалими;
-Ажар Дарика Адатовна - Кызыл-Сеңир айылынын тургуну.
2.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|