Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 672-т тескемесине)
"Пикир" маалымат системасы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Пикир" маалымат системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Пикир" маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле маалымат системасын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. "Пикир" маалымат системасы (мындан ары - "Пикир" МС) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана ишканаларынын, муниципалдык мекемелеринин жана ишканаларынын жана башка мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ишин арыз ээлеринин кайра байланышы аркылуу баалоо үчүн арналган.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) колдонуучу - белгиленген тартипте каттоодон же авторлоштуруудан өткөн, "Пикир" МСте баа/пикир калтырган жеке жак/арыз ээси;
2) баа/пикир - мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин/кызмат көрсөтүүсүнүн/башка ишинин сапаты жөнүндө бааны/пикирди жана/же комментарийди камтыган колдонуучу тарабынан берилүүчү маалымат;
3) модерациялоо - колдонуучу тарабынан берилген маалыматтын чындыкка дал келүүсүн жана ушул Жободо белгиленген баа/пикир калтыруу тартибине шайкештигин текшерүү процесси;
4) техникалык оператор - "Пикир" МСтин ээси тарабынан ыйгарым укук берилген "Пикир" МСти администрациялоочу, модернизациялоочу жана техникалык коштоочу юридикалык жак;
5) модерациялоо оператору - бааны/пикирди модерациялоо максатында ээси тарабынан "Пикир" МСтин системасына жетүү мүмкүнчүлүгү ачылган жана берилген мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызматкери;
6) ээси - "Пикир" МСтин иштешине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана контролдоону ишке ашыруучу электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
7) QR-код - "Пикир" МСтин функционалына кирүү үчүн колдонуучу сканерлеген сайтка шилтемени камтыган графикалык код.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
4. "Пикир" МСтин негизги максаттары:
1) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу;
2) колдонуучулардан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларынын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
3) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине колдонуучулардын лоялдуулук жана канааттануу деңгээлин алардын пикирлерин, сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуунун эсебинен жогорулатуу;
4) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдонуучулардын сын пикирлерине жана сунуштарына ыкчам жооп кайтаруу механизмин түзүү;
5) колдонуучулардын бааларын/пикирлерин талдоонун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын ишке ашыруунун сапатын жакшыртуу.
5. "Пикир" МСтин негизги милдеттери:
1) колдонуучулар жана башка кызыкдар тараптар менен кайра байланыш аркылуу мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо процессин жөнгө салуу;
2) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кемчиликтерди талдоо, аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
6. "Пикир" МС төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине колдонуучулар тарабынан алардын иши жөнүндө баалоо/пикир калтыруу жолу менен баалоо жүргүзүүнү;
2) пикирде көрсөтүлгөн маселелер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо же позициясын түшүндүрүү максатында колдонуучулар тарабынан мурда калтырылган пикирге мамлекеттик органдан жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жооп же комментарий алуу мүмкүнчүлүгүн;
3) пикирдин аныктыгын жана тууралыгын камсыздоо үчүн модерациялоодон өткөндөн кийин пикирлерди жарыялоону;
4) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону;
5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу максатында пикирлерди чогултууну жана талдоону;
6) мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларга ыкчам жооп кайтаруу үчүн келип түшкөн пикирлерге жана бааларга реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү.
7. "Пикир" МС мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт.
8. Мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо колдонуучу тарабынан "Пикир" МСте пикир калтыруу жана/же беш баллдык шкала боюнча 1ден 5ке чейин баа коюу аркылуу жүргүзүлөт, мында:
1 - өтө канааттандырарлык эмес;
2 - канааттандырарлык эмес;
3 - канааттандырарлык;
4 - жакшы;
5 - мыкты.