Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-3
«Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын
ички көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө Исмаилов Маданбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы отурумунун № 7 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө Исмаилов Маданбектин ысымы ыйгарылсын.
2.Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Исмаилов Маданбек атындагы көчө деп аталсын.
3.Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|