Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 39
Жер участогун трансформациялоо жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши Б.Б.Молдосыдыковдон келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып, ошондой эле арыз ээси Молдосыдыков Бекташ Бактыяровичдин баяндамасын угуп жана талкуулап,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында Таш-Дөбө айылында МТФ№1 жайгашкан жалпы көлөмү 0,579га түзгөн жер участогун “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына которууга макулдук берилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди макулдашсын жана даярдалсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |