Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-4
«Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 5-июнундагы чыгыш № 01-28/1055 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы отурумунун № 5 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдардын генералдык планын жасатууга “Максаттуу трансферттен” келген акча каражатын Аппарат бөлүмүнүн 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесинен 4216,9 миң сомго сметанын киреше жана чыгаша бөлүгүнөн көбөйтүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын 28-беренесине ылайык балдар бакчаларындагы тамак аш чыгымдарына ата-энелер тарабынан төлөнүшү белгиленгендигине байланыштуу 2025-жылдын бекитилген сметасында акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу киреше жана чыгаша планына өзгөртүү киргизилип, 8000,0 миң сомго акча каражаты көбөйтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануусу айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|