Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 36
Жер участогун трансформациялоо жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши А.Б.Шайлообековдон келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып, ошондой эле Арашан айылдык кеңешинин депутаты Алымкулов Кемеркул Алымкуловичтин арызда көрсөтүлгөн жер тилкелер боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Аламүдүн райондук жер комиссиясынын корутундусунун негизинде
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында Арашан айылында №356 контурунда жайгашкан жалпы көлөмү 1,116 га түзгөн жер участогун анын ичинен 0,90га “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына котрууга макулдук берилсин, коттедждик конуш куруу үчүн;
2. Арашан айыл аймагында Арашан айылында №354 контурунда жайгашкан жалпы көлөмү 1,116 га түзгөн жер участогун анын ичинен 0,216га “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына котрууга макулдук берилсин, коттедждик конуш куруу үчүн;
3. Арашан айыл аймагында Арашан айылында №355 контурунда жайгашкан жалпы көлөмү 1,116 га түзгөн жер участогун анын ичинен 0,016га “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына котрууга макулдук берилсин, коттедждик конуш куруу үчүн;
4. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди макулдашсын жана даярдалсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |