Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 35
Бер-Булак айылынын Достук көчөсүнүн атын өзгөртүп, Дүйшөналиев Курманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши К.К.Дуйшеналиевден келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып, ошондой эле Арашан айылдык кеңешинин депутаты Ырыс уулу Медербектин Бер-Булак айылынын Достук көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагынын Бер-Булак айылындагы Достук көчөсүнүн атын өзгөртүп, Дуйшеналиев Курманбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |