Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 32
Арашан айылындагы спорт комплексине Чынгыш Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши Сатыбеков Батырбек Садатбековичден келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып, ошондой эле Арашан айылдык кеңешинин депутаттары Кулждаев Алымкул Чолпонбаевичтин жана Алымкулов Кемеркул Алымкуловичтин Чынгыш Баатырдын ысымын Арашан айылындагы спорт комплексине ыйгаруу боюнча жасаган баяндамаларын угуп жана талкуулап,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагынын Арашан айылындагы спорт комплексине Чынгыш Баатырдын ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |