Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 31
Арашан айылындагы маданият үйүнүн алдына Чынгыш Баатырдын айкелин орнотуу жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши Сатыбеков Батырбек Садатбековичтен келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып ошондой эле Арашан айылдык кеңешинин депутаттары Кулждаев Алымкул Чолпонбаевичтин жана Алымкулов Кемеркул Алымкуловичтин Чынгыш Баатырдын айкелин орнотуу боюнча жасаган баяндамаларын угуп жана талкуулап,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагынын Арашан айылынын маданият үйүнүн алдына көлөмү 4х4 жер тилкесине Чынгыш Баатырдын айкели орнотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |