Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 30
Оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө арка коюу жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши Арашан айылынын “Нижняя стройка” көчөсүнүн тургундарынан келип түшкөн арызды 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып. Арашан айылдык кеңешинин депутаттары Кулждаев Алымкул Чолпонбаевичтин жана Алымкулов Кемеркул Алымкуловичтин “Нижняя стройка” көчөсү аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө коюу максатында жасаган баяндамаларын угуп жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилешти: “Нижняя стройка” көчөсү менен оор жүк ташуучу унаалар дачаларды көздөй өтүп, көчөнү бузуп жана жолдун астындагы суу системасынын түтүктөрүнүн бузулушуна жол бербөө үчүн
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында “Нижняя стройка” көчөсүнүн кире беришине оор жүк ташуучу унааларды катоого чектөө коюу максатында чектөөчү арка орнотулсун;
2. Оор жүк ташуучу унаалар дачаларга алып баруучу альтернативалык жол менен каттасын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |