Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 29
Жер участогун трансформациялоо жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши Карыппаев Алымкулдан жер участогун “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына которууга макулдук берүү боюнча арызын 2025-жылдын 2-июнунда карап чыгып жана такуулап,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында Арашан айылында №34 контурунда жайгашкан жалпы көлөмү 0,88 га түзгөн жер участогун “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына которуп, макулдук берилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди макулдашсын жана даярдалсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кыдыров |