Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 33
Төлөк айыл аймагында жайгашкан ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдукбирикмелерин (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелерин жоюу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык кайра уюшулган “Таза-Биримдик” муниципалдык ишкананын негизинде, карап жана талкуулап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөк айыл аймагында жайгашкан төмөндөгү ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелери жоюулсун:
Ø ИСКАКБ “Сармурза”;
Ø ИСКАКБ “Жайчибек-Суу”;
Ø ИСКАКБ “Кундуз”;
Ø ИСКАКБ “Спартак-Суу”;
Ø Чапай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси;
Ø Целинный айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси;
Ø Төлөк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси.
2. Жоюлган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (СООППВ) жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин милдеттери “Таза-Биримдик” муниципалдык ишкананын ишмердүлүгүнө өткөрүлсүн.
3. Жоюлган бирикмелердин карыздары жабылсын, кредитордук жана дебитордук карыздары “Таза-Биримдик” муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |