Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-февралы № 18/IV

“Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жөнүндө”

Киреше боюнча башкы адис Ж.Т.Байсованын «Мекемелер , жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап жана пикир алмашып

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайылма айыл өмөтүнун 2025-2027- жылдарга салыктык мезгилде колдонуу үчүн мекемелер , жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасы бир иштеген адамга 100 сом бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кирешелер боюнча башкы адис Ж.Т.Байсовага жүктөлсүн.

Жайылма  айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев