Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 37
Төлөк айыл аймагында жайгашкан жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын Кыз-Моло айылынын Грибанова № 12 көчөсүндөгү айыл чарба эмес жер тилкесин короо жай жерине максаттык багытын өзгөртүү боюнча 2024-жылдын 20-ноябрындагы шаар куруу корутундусун жана Рысбаев Байгазы Жалиловичтин арызын карап жана талкуулап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Моло айылынын Грибанова № 12 көчөсүндөгү айыл чарба эмес жер тилкесин короо жай жерине максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |