Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 38
Төлөк айыл аймагында жайгашкан жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын Кыз-Моло айылынын Центральная № 9 а көчөсүндөгү ашкана жер тилкесинин максаттык багытын короо жай-тилкесине өзгөртүү боюнча 2025-жылдын 30-июнундагы шаар куруу корутундусун жана Жумагулова Гүлзар Алоокеевнанын арызын карап жана талкуулап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Моло айылынын Центральная № 9 а көчөсүндөгү ашкана жер тилкесинин максаттык багытын короо жай-тилкесине өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |