Загрузка документа…
ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 43
Өндүрүштүк тигүү цехин ачууга ижарага жай бөлүп берүү
Төлөк айыл аймагына 2025-жылдын 21-июлунда кайрылган Турдалиев Амирбек Абдуганиевичтин Кыз-Моло айылында тигүү цехин ачуу жөнүндөгү арызын карап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төлөк айыл аймагынын Кыз-Моло айылынын Центральная көчөсүндө жайгашкан № 1/1 имаратынан өндүрүштүк тигүү цех ачуу максатында Турдалиев Амирбек Абдуганиевичке ижарага аянты 20 чарчы метрден турган жай бөлүнүп берилсин.
2. Өндүрүштүк тигүү цех ачууга, жайды пайдалангандыгы үчүн ижара акысы 1 айга 3000 сом өлчөмүндө бекитилип 1 жылдык мөөнөткө келишим түзүлсүн.
3. Имараттын электр энергиясына байланыштуу бардык чыгымдар, ижарачы тарабынан төлөнсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.
Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы |
| Иманалиев У.Д. |