Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-5
«Орто-Азия айылындагы жер аянтын бир багытынан
башка багытка которуу жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-июнундагы чыгыш № 01-28/1090 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы отурумунунун № 6 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия айылынын тургундарын сугат суу муктаждыгын канааттандыруу максатында, № 476 контурунда жайгашкан 200 чарчы метр жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын сугат айдоо жерлери түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, коргонуунун, байланыштын, энергетиканын жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|