Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-6
«Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовдун 2025-жылдын 10-июнундагы чыгыш № 01-28/1084 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы отурумунунун № 3 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия айылындагы скважина курууга долбоорлонуп жаткан 300 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|