Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын
2025-жылынын 19-июнь № 11-9
«Бюджеттик кредит келишимди
түзүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” Жобого ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы чыгыш №01-28/1167 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы отурумунун №3 протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго Кызыл-Туу айыл аймагынын МХО участкасына ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бере турган муниципалдык мал базар курууга 94 880 000 (Токсон төрт миллион сегиз жүз сексен миң) сом бюджеттик кредит келишимин түзүүгө, кол кою иштерин жүргүзүлүүсүнө макулдук берилсин.
2.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|