Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясынын
2025-жылынын 5-августу № 12-1
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу кызматтык унаа алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 1-августундагы чыгыш № 01-13/696 сандуу катын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30-июлундагы чыгыш № 1-08-2/210 сандуу катын жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы чыгыш № 01-28/1581 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы отурумунун № 4 протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн эсепчиси Г.Нуруеванын берген маалыматы эске алынсын.
2.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унааны “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу алууга макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|