Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясынын
2025-жылынын 5-августу № 12-2
«Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 9-6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовдун 2025-жылдын 4-августундагы чыгыш № 01-28/1587 сандуу катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы отурумунун №7 протоколун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 9-6 “Жашасын-2 айылындагы жер аянтын бир багытынан башка багытка которуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “0,38 га сугат айдоо жана 0,62 га жайыт жер аянтына” сүйлөмү, “0,38 га жайыт жана 0,62 га сугат айдоо жер аянтына” сүйлөмүнө өзгөртүлсүн.
2.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго токтомдогу өзгөртүүлөрдүн негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|