Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/33
«Таштандыларды чыгаруунун тарифин кайра карап чыгуу жөнүндө”
Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-августундагы Күнтуу айыл аймагындагы таштандыларды чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө №6/32 токтому жокко чыгарылганына байланыштуу, “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Джакупбеков сунуштаган таштандыларды чыгаруунун нормаларын эске алып, сессиянын отурумунда маселе талкууланып, түзүлгөн протоколдун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына тиешелүү айылдарда жергиликтүү калк арасында жыйындар өткөзүлүп чечимдери чыккыча, таштандыларды чыгаруу тарифи 200 (эки жүз) сом менен убактылуу иш алынып барып турсун;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев таштанды чыгаруу тарифин бекитүү үчүн тез арада айыл айылдарда жыйындарды өткөзүүгө милдеттендирилсин;
3. Өткөзүлгөн жыйындардын чечимдери келерки сессиянын отурумуна даярдалып, маселени кароого киргизилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |