Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/37
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Алма-Бак конушундагы күн батыш тарабында жайгашкан Долбоорлонуучу көчөгө маркум Сасбак Жумабаевдин ысымын ыйгарып берүү боюнча Кызыл-Туу айылынын тургуну Ч. Тунгучбековду угуп, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, 2025-жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын эске алып, Кызыл-Туу айылындагы Долбоорлонуучу көчөсүнүн тургундарынын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Алма-Бак конушундагы күн батыш тарабында жайгашкан Долбоорлонуучу көчөгө маркум Сасбак Жумабаевдин ысымы ыйгарылып, “Сасбак - Ата” көчөсү деп атоого макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |