Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/38
“Айылдын аталышын өзгөртүү боюнча”
Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагына караштуу Новое айылын Алмалуу айылына өзгөртүү боюнча Новое айылынын айыл башчысы Ш. Орозакунованын арызын талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Новое айылынын тургундарынын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагына караштуу Новое айылын Алмалуу айылына өзгөртүүгө макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |