Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/39
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Долбоорлонуучу көчөгө маркум Омуралиева Шарипа Көбөйевнанын ысымын ыйгарып берүү боюнча Күнтуу айылынын тургуну К.У. Омуралиевди угуп, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ошондой эле Ш. Омуралиеванын иштеген эмгектерин баалап, Күнтуу айылындагы Долбоорлонуучу көчөсүнүн тургундарынын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Долбоорлонуучу көчөгө маркум Омуралиева Шарипа Көбөйевнанын ысымы ыйгарылып, “Шарипа Көбөй кызы” көчөсү деп атоого макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |