Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/40
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу сугат айдоо жерлери кайрак айдоо жерлери болуп туура эмес болуп учурунда көрсөтүлүп калгандыгына байланыштуу, документтештирүү учурунда тоскоолдук жаратып жаткандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Дооткуловду угуп, талкуулап, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу кайрак айдоо жерлери сугат айдоо жерлери болуп эсептөөгө макулдук берилсин, бирок туура эмес жазылып калган гана учурда токтом колдонулсун;
2. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |