Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-апрели № 2023-П-12/27-8-(НПА)
"Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (1-тиркеме) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, "Кепилдик фонд" ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Боконтаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 2023-П-12/27-8-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
"Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун талабы бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга, алардын ишинин өзгөчөлүгүн жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу терминологияны эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында долбоордук каржылоону, анын ичинде ислам каржылоо принциптерине ылайык сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат.
3. Долбоордук каржылоо - долбоорлорду каржылоо формасы, мында каржыланган долбоорду ишке ашыруудан топтолгон акчалай түшүүлөрдүн жана кирешелердин агымдары карыздык милдеттенмелерди төлөөнүн негизги булагы болуп саналат.
Долбоордук каржылоо бланктык кредиттерге кирбейт.
4. Каржыланган долбоорлордун масштабына жана мөөнөтүнө жараша кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо болуп бөлүнөт.
Кыска мөөнөттүү долбоордук каржылоо долбоордун белгилүү бир этаптарын ишке ашыруу үчүн 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо долбоорлордун бардык этаптарын ишке ашыруу үчүн 3 жылдан ашык мөөнөткө берилет.
5. Долбоордук каржылоо кирешелүүлүк, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, коопсуздук жана максаттуу мүнөздөгү каржылоо сыяктуу принциптерге негизделет.
6. Банк, долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруунун алкагында каржылоону долбоордун капиталына инвестициялоо же капитал түзүүгө жана көбөйтүүгө багытталган кредит аркылуу берүүгө укуктуу.
Долбоордун капиталына инвестициялоодо банк, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана банктын капиталга катышуу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, башкаруу органдарынын деңгээлинде добуш берүү жана/же чечимдерди кабыл алуу укугу менен долбоордун күндөлүк ишин башкарууга активдүү катышууга тийиш.
Банк башка банктар, өнүктүрүү фонддору, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен биргеликте каржыланып жаткан долбоордун капиталына катышууга укуктуу. Мында банк макулдашууда/келишимде долбоорду башкарууда өз укуктарын жана милдеттерин алдын ала кароосу зарыл.
Долбоордук каржылоонун алкагында туунду жана көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жактар жана/же жеке ишкерлер долбоордук каржылоону алуучу болууга укуктуу.
7. Долбоордук каржылоо каржылануучу объекттин акциялары жана/же капиталында катышуу үлүшү менен камсыздалышы мүмкүн.
Мында капиталды түзүү же көбөйтүү максатында кредит берилген учурда долбоордук каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мүлк менен камсыздалышы мүмкүн.
8. Кайсы болбосун финансылык салымдарды жана берилген кредиттерди кошо алганда, ар бир долбоорго инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын он пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын элүү пайызынан ашпоосу зарыл. Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктар үчүн - банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын отуз пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоого тийиш.