Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/43
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылынын чоң жолдун жээгинде жайгашкан, аянты 10 сотых жер тилкесин автоунаа тейлөө станциясын иштетүү үчүн, Исмаил айылынын тургуну А. Уметалиевдин кайрылуусун талкуулап, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын негизинде Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылынын чоң жолдун боюнда жайгашкан, аянты 10- сотых жайыт жерлеринен автоунаа тейлөө станциясын иштетүү үчүн “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш-чараны трансформациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |