Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/44
“Трансформацияга макулдук берүү жөнүндө”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылынын №132 контурунда жайгашкан аянты 3,0га жайыт жеринен бетон завод куруу жана бетондон жасалган жабдыктарды чыгаруу максатында ижарага берүү үчүн, ошондой эле Күнтуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча “Каново Ко Лтд” ЖЧКнун жетекчиси М.Д. Садабаевдин кайрылуусун талкуулап, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылынын №132 контурунда жайгашкан аянты 3,0га жайыт жеринен бетон завод куруу жана бетондон жасалган жабдыктарды чыгаруу максатында ижарага берүү үчүн “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш-чараны трансформациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |