Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/45
“Балдар бакчалардын тамак-аш төлөмөнүн көбөйтүү боюнча”
Күнтуу айыл аймагын Маловодное айылындагы “Умут булагы” балдар бакчасынын жетекчиси Ж.С. Болотбекова, Күнтуу айылындагы А.Сальпиев атындагы “Келечек” балдар ясли-бакчасынын жетекчиси А.М. Кылычованын кайрылууларын карап чыгып, азык түлүк бааларынын туруктуу өсүшүнө байланыштуу, балдардын сапаттуу жана тең салмактуу тамактануусун камсыз кылуу үчүн талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагын Маловодное айылындагы “Умут булагы” балдар бакчасынын, Күнтуу айылындагы А.Сальпиев атындагы “Келечек” балдар ясли-бакчасынын, Кызыл-Туу айылындагы “Алтын Уя-КТ” балдар бакчасынын тамак- аш төлөмү 100 (жүз) сом, башка чыгымдар -10 (он) сом, баардыгы 110 (жүз он) сом болуп бекитүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |