Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/47
“Ат оюндарын өткөзүүчү жайлар боюнча”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан Молдобек Кыргызбаев атындагы ат оюндарын өткөзүүчү жайында кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү максатында Кызыл-Туу айылынын тургуну Р.К. Касымбековдун кайрылуусунун негизинде, жеринин багытын аныктап, ат оюндары өткөзүүгө ылайыктуулугуна жараша иш алып баруу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылында жайгашкан Молдобек Кыргызбаев атындагы ат оюндарын өткөзүүчү жайдын ылайыктуулугун аныктоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-январындагы №12 токтомунун негизинде мыйзам чегинде иш алып барсын;
2. Ушуну менен катар Күнтуу айылындагы ат оюндары өтүп жаткан жердин ылайыктуулугу аныкталып мыйзам чегинде иш алынып барылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |