Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/48
“Туризм багытын өнүктүрүү боюнча”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кичи-Шалта айылынын үстү жагынан туризм багытын өнүктүрүү максатында этношаарча ачуу долбоорун ишке ашыруу боюнча келип түшкөн кайрылуулардын негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кичи-Шалта айылынын үстү жагынан туризм багытын өнүктүрүү максатында этношаарча ачуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл аймагынын туруктуу жашоочулары менен элдик жыйын өткөзүлсүн;
2. Элдик жыйынды өткөзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |