Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/49
“Жер тилке бөлүп берүү боюнча”
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Хэнань университети тарабынан Кытай-Кыргыз эл аралык биргелешкен интеллектуалдык айыл чарба лабораториясын, эксперименталдык база, күнөскана куруу жана буудайдын, жүгөрүнүн, күрүчтүн, пахтанын жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун өстүрүү максатында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин ректору Д.Т. Чонтоевдин кайрылуусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Хэнань университети тарабынан Кытай-Кыргыз эл аралык биргелешкен интеллектуалдык айыл чарба лабораториясын, эксперименталдык база, күнөскана куруу үчүн Күнтуу айыл аймагына караштуу №16 контурунда жайгашкан Ат-Баши участогунан 3,0 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Комплекстуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана буудай, жүгөрү, күрүч, пахта жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун өстүрүү үчүн №16 контурунда жайгашкан Ат-Баши участогунан 30-жылдык мөөнөткө 35,0 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө 2025-жылдын 23-апрелиндеги №4/41 бекитилген токтомго ылайык ижара акысы эсептелинсин;
4. Ижара төлөмдөрү айыл чарба талаа жумуштары аяктагандан кийин башталсын;
5. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |