Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 19-май № 5/50
“Муниципалдык 2 үй куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү боюнча”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылында демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык 2 үй куруп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылында демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык 2 үй курууга 4-сотых жер тилке бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Муниципалдык 2 үй куруу үчүн жери такталып, мыйзам чегинде иш алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |