Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №41
Балыкчы шаарындагы муниципалдык коммуналдык ишканалардын кызматкерлеринин, жумушчуларынын эмгек акысын көбөйтүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” МИ жана “Жашылдандыруу чарбасы” МИ нын кайрылууларына ылайык, учурдагы кымбатчылыкка байланыштуу ишканалардагы кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүү максатында берилген кайрылуусун шаардык кенештин алдындагы экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап, шаардык кенештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” муниципалдык ишканасынын жана “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин, жумушчуларынын эмгек акыларын 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап 20% көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын алты (6) айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын эсебинен шаардагы коммуналдык ишканалардын жумушчуларынын кошумча эмгек акысын көбөйтүүгө;
-“Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” муниципалдык ишканасына 2633,1 миң сом эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
-“Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасына- 3163,4миң сом эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев