Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №42
Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгынын аймактык коэффициентинин мааниси жөнүндө
Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана кошумча киреше булактарын аныктоо максатына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелеринин 4- пунктун жетекчиликке алуу менен аймактык коэффициентти кароо боюнча Балыкчы шаар мэриясынын 06.08. 2025 ж. № 01-3/5610 кайрылуусуна ылайык шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап , Балыкчы шаардык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо максатында Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2026 жылдын 1- январынан тартып Балыкчы шаарынын административдик аймагына төмөнкү салыктарга аймактык зона жана коэффициенттери төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Биринчи аймактын чек арасы: - Балыкчы шаарынын административдик аймагындагы баардык ишкердик субъектилердин айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн жер салыгына – 1,3 өлчөмүндө;
· Экинчи аймактын чек арасы: - Балыкчы шаарынын ички үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участоктору үчүн жер салыгына – 1,2 өлчөмүндө өзгөртүүсүз калтырылсын.
· Үчүнчү аймактын чек арасы: - Ак-Өлөң, Көк-Мойнок-1, Көк-Мойнок-2, Таш-Сарай, Орто-Токой калктуу конуштарындагы (айылдарындагы) жана Дача участокторундагы үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участоктору үчүн жер салыгына – 0,3;
2. Балыкчы шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы XX сессиясынын №4 Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгынын аймактык коэффициентинин мааниси жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл областынын Балыкчы башкармалыгына иш алып баруу тапшырылсын
4. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну шаардык Кенештин бюджет, экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев