Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №43
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31- мартына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 03.06.2025ж. № 01-11/131 кат менен келген Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31- мартына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетунун негизинде экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап, тийиштүү административдик чара көрүү жагы Балыкчы шаарынын мэри Жантаев Баатырбек Темиржановичке сунушталынсын.
- Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана аткарылышында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бербөө максатында бирдиктүү иш чараларды жүргүзүү менен көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев