Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №44
Балыкчы шаарындагы Автобекеттин түштүк тарабындагы жер тилкесинин
зонасын өзгөртүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 28.05.2025ж. №01-13/3732 кат менен Автобекеттин түштүк тарабындагы С-3 көрүстөндөр зонасынан Р-1 шаардык парктар зонасына которуу жөнүндө кайрылуусунун негизинде, кеңештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы Автобекеттин түштүк тарабындагы жер тилкесин С-3 көрүстөндөр зонасынан Р-1 шаардык парктар зонасына которуу жөнүндө тууралуу шаардык мэриянын сунушу колдоого алынсын.
2. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев