Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №45
Балыкчы шаарынын Сон-Көл кичи районунда жайгашкан 6 (алты) кызматтык турак үйдү Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине
алуу жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-,39-беренелерин жетекчиликке алып,Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 30-июнундагы № 01-13/4615 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы Соң-Кол кичи району №22 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 2-07-04-0061-0135 6 (алты) кызматтык турак үйдү Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
- аталган объектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Н.Турсунбековго тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев