Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-февралы № 22/IV

 

“Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө”

 

2024-жылдан тартып өтүүчү келишимдер жана жыл башына карата 23 402 101 сом 52 тыйын бюджеттик эсеп жана атайын эсеп боюнча 146 936 сом 71 тыйын, 01.01.2025-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып

 

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Негизги эсеп боюнча эркин калдык бекитилсин:

·                    70921 "орто билим берүү - жалпы билим берүү программалары" бөлүмү боюнча 3111 – берене-807,4 миң сом (Н.С. Баранов атындагы № 2 орто мектебинин жылытуу системасынын кошумча иши ; 3112-берене – 3723,0 миң сом (интерактивдүү панелдерди жана парталарды сатып алуу)

·                    70629 "башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмү боюнча 3111 – берене – 5532,4 миң сом (Болоболаев жана Мичурин көчөлөрүн капиталдык оңдоо); 3112-берене-10240,0 миң сом (атайын техника).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Жолдошевге жүктөлсүн.

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев