ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 23
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Туусу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген куруучусу Ибраев Кубанычбек Касымжанович тарабынан даярдалган Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Туусунун эскизи жактырылсын жана “Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Туусу” деп белгиленсин. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Туусунун автору болуп Ибраев Кубанычбек Касымжанович таанылсын.
2. Чон-Сары-Ой айыл аймагынан тышкары жерлерге колдонулбасын жана автордун, автордук укуктарынын сакталышын айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаков камсыз кылсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |