ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 30
Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧТ нун кызматкерлерине айлык маянасына кошумча акча-каражатын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30 ундагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнүндɵ” мыйзамынын 6 бɵлүмүнүн 31 беренесин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон тɵлɵмдɵрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, ТЖКЧ жана ЖТКТ нун кызматкерлерине социалдык жактан колдоо максатында жана ТЖКЧ жана ЖТКТ нун жетекчиси Ж.Калиевдин айлык акысына кошумча сый акы берүү жɵнүндɵ кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧ жана ЖТКТ нун кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 2000 (эки мин) сом ɵлчɵмүндɵ сый акы кошуп берүү жагы каралсын.
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |