ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 19-октябры № 49
2021-жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен үнɵмдɵлгɵн акча-каражаттарын кароо жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бɵлʏмʏнʏн 78-беренесине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын 2021-жылдын тогуз айынын жыйынтыгына карата жергиликтʏʏ бюджетинин үнɵмдɵлгɵн акча-каражаттарын кароо боюнча айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен үнɵмдɵлгɵн акча каражатына тɵмɵндɵгү иштер жүргүзүлсүн.
- Чок-Тал айылына Трансформатор койуу 507784 (беш жүз жети миң жети жүз сексен төрт) сом.
- Ɵрнɵк айылына жаңы конушка таза суу тартуу -602864 (алты жүз эки миң сегиз жүз алтымыш төрт) сом.
- Бает айылынын айылдык Эмканасына эмерек алуу-234400 (эки жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом.
- Коммуналдык чарба башкармалыгына таштанды ташуучу авто унаа алуу-2975000,0 (эки миллион тогуз жүз жетимиш беш миң) сом.
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нʏн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |