ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 19-октябры № 53
Жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине берүү боюнча Чок-Тал айылынын тургуну Жийдебаев Туратбектин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жийдебаев Туратбектин жеке турак үй куруу үчүн каралган 630 чарчы метр жер тилкесин айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵз эрки менен ɵткɵрүп берип жаткандыгына байланыштуу, каралган жер тилкеси муниципалдык менчикке бекитилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |