ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 19-октябры № 58
Жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Аймактагы социалдык объектилердин курулушун камсыздоо максатында Чон-Сары-Ой айылынын күн батыш тарабында жайгашкан аянты 0.72 га жер тилкени Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине бекитүү боюнча Чон-Сары-Ой айылынын Кудайменде кварталынын айыл башчысы С.Ɵкотаевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоӊ-Сары-Ой айылынын түндүк тарабында жайгашкан аянты 0.72 га жер тилкеси муниципалдык менчикке бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |