Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2021-жылдын 3-декабры № 61

 

Жергиликтүү бюджеттен акча-каражатын кароо жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чон-Сары-Ой айылынын жалпы айыл тургундарынын 15.11.2021-жылдагы жыйынынын протоколу жана О.Жумаев атындагы Чон-Сары-Ой орто мектебинин директору Г.Дегембаеванын 22.04.2021-жылдагы жазган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу О.Жумаев атындагы Чон-Сары-Ой орто мектебинин эски электр керамикалык жылыткычын жаныртып ондоо үчүн Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ɵздүк салым катары ушул долбоорду иш жүзүнɵ ашыруу үчүн 1672427 ( бир миллион алты жүз жетимиш эки мин тѳрт жүз жыйырма жети) сом акча-каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин “Жалпы билим берүү” бɵлүмүнүн “3111 имараттар жана жайлар” элементине каралып бекитилсин.

2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Кɵл райондук Финансы бɵлүмүнɵн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.

4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов