Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №47
Балыкчы Шаарынын Т.Океев көчөсү №179 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик кызматынын № 51 мекемесинин имаратын жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-,39-беренелерин жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-августундагы № 01-13/5778кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын Т. Океев №179 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик кызматынын № 51 мекемесинин 1327,2 чарчы метрди түзгөн идентификациялык коду: 2-07-05-0035-0063 имаратын жана 1953 чарчы метрди түзгөн жер аянты менен Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Н.Турсунбековго тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев