Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №48
Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушундагы ички чарбачылык каналдын 17,845 км аралыкты түзгөн жер каналын Тоң райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 26.06.2025-ж. 01-13/4563 катын карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен Балыкчы шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушундагы идентификациялык коду: 2-07-07-0008-0131 жалпы узундугу 18,68 км болгон ички чарбачылык каналдын, анын ичинен 17,845 км аралыкты түзгөн жер каналын Тоң райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Н.Турсунбековго тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев