Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №49
Балыкчы шаарындагы №2064 аскер бөлүгүнүн карамагындагы 2 (эки) атайын техникаларын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-июлундагы 01-13/5195 кайрылуусун жана шаардык кенештин алдындагы шаардык кенештин алдындагы экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы №2064 аскер бөлүгүнүн карамагындагы МАЗ-5334 АТЗ-7,5 (1980 ж.ч.) жана УРАЛ4320 АТМЗ (1988 ж.ч.) атайын техникаларын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Н.Турсунбековго тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев