Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №51
Карыбаев Аскар Акматовичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү” жана “Ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын 2025-жылдын 11-август айындагы № 5 протоколунун негизиндеги сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, обончу композитор Карыбаев Аскар Акматовичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамы ыйгарылсын.
2. “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү жана эстелик төш белгисин ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешке тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев